Connect with us

Базарбеков: Сот тармагы санариптик форматка толук өтө алат

Кыска кабар | 21 Окт 2023 | 179 | 0

Кыргызстандын сот тармагы санариптик форматка жана электрондук сот өндүрүшүнө толук өтүүгө жетишти. Бул тууралуу Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Азербайжандын Шуша шаарында өткөн «Сот бийлиги жана маалыматтык технологиялар: заманбап чакырыктар» аталышындагы конференцияда билдирди.

Төрага өз сөзүндө 2014-жылдан бери сот чечимдеринин автоматтык жарыялоо системасы act.sot.kg порталы иштеп жатканын билдирген. Бул интернет-ресурс Кыргызстандагы соттордун ишинин маалыматтык ачыктыгын, жарандардын жана уюмдардын сот актыларынын тексттери менен өз убагында таанышып туруусун камсыз кылат.

Аны менен катар «Соттук актылардын мамлекеттик реестри» автоматташтырылган маалыматтык системасы да иштелип чыккан. Бул жогоруда айтылган порталдын жакшыртылган версиясы болуп саналат. Системада соттук жыйналышты өткөрүү күнү, убактысы, орду көрсөтүлүп, ишти угууга дайындоо жөнүндө маалыматтар автоматтык түрдө жарыяланып турат. Ошондой эле Жогорку Соттун интернет-ресурсундагы соттук актыларды убагында көрүүгө шарт түзүлөт.

Андан тышкары учурда «Санариптик сот адилеттиги» порталы да ишке кирүү алдында турат. Бул портал аркылуу жарандар соттор менен ачык байланыша алат, арыздарды, доолорду, даттанууларды электрондук түрдө берүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Мунун алкагында соттук отурумдарга онлайн катышуу системасы да иштелип жатат.

Түрк мамлекеттеринин Жогорку Сотторунун конференциясы Азербайжан мамлекетинин демилгеси менен өткөрүлдү. Иш-чаранын жыйынтыгында «Түрк мамлекеттеринин Жогорку сотторунун конференциясын түзүү жөнүндө» Макулдашууга кол коюлду.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM