Connect with us

Бишкек мэриясы «Ош» базардын жаңы долбоорун жарыялады

Кыска кабар | 21 Окт 2023 | 1133 | 0

Бишкек шаарынын мэриясы Батыш автовокзал менен «Ош» базардын жаңы эскиз-долбоорун жарыялады.

Маалым болгондой, орду которула турган эки объектинин жаңы концепциясын «Бишкек башкы архитектуранын» адистери иштеп чыгышкан. Объектилер Фучик-Васильевский тракт көчөлөрүнүн кесилишиндеги айлампа жолго түшөт.

Долбоорго ылайык, аймак беш тилкеге бөлүнөт:

  • шаар зонасы;
  • кайра жайгаштырылуучу «Ош» базары;
  • Volvo электр унаасын тейлөө аймагы;
  • Автобустарды тейлөө аймагы;
  • Батыш автобекетинин аймагы.

Биринчи аймакка заманбап шарттары менен беш кабаттуу турак үйлөр, соода борборлор, ар кандай бизнес борборлор, 2 мектеп, 3 бала бакча, 1 оорукана түшөт.

Экинчи аймакка унаа токтотуучу жайлары камтылган чыгыш стилиндеги базар түшөт. Жолу кеңейтилип, жүк ташуучу жана жеңил унаалардын кирип-чыгуусуна шарттар каралат.

Үчүнчү аймакка Volvo электромибилдерди тейлөө борбору жайгашат.

Төртүнчү аймакка жүргүнчү тейлөөчү автобекет автопаркы менен кошо түшөт.

Бешинчи аймакка автобекеттин административдик имараты түшөт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM