Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Катар инвестициялык агенттигинин Африка жана Азия аймактары боюнча директору, Ooredoo тобунун төрагасы Файсал бин Тани ал-Тани баштаган өкүлдөрдү кабыл алды.
Кездешүүдө инвестиция, туризм, соода-экономика, энергетика тармагында кызматташуу маселелери талкууланды. Айрыкча Катардын эмири Тамим ибн Хамад Аль Танинин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарында кол коюлган макулдашууларды ишке ашыруу жагдайлары каралган.
Катардан келген өкүлдөрдүн курамына инфратүзүм, энергетика, туризм, инвестиция тармактарында иш алып барган компаниялардын жетекчилери кирген.
Өкүлчүлүктүн жетекчиси иш сапардын алкагында инвестиция салууга ылайыктуу тармактар иликтенип чыгарын, Катар компаниялары Кыргызстанда ири долбоорлорду жүзөгө ашырууга кызыкдар экенин билдирген.