Connect with us

Бишкекте милиция кызматкери «кылмыштуу топко катышы бар» делип кармалды

Кыска кабар | 20 Окт 2023 | 610 | 0

Бишкек шаарында Биринчи Май РИИБдин №5 шаардык милициянын ыкчам кызматкери, лейтенант И.Т.К. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Кармалган милиция кызматкери ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлеринен куралган уюшкан топ менен түздөн-түз байланышта болгон. Алар «кылмыш ишин козгойбуз» деген шылтоо менен баңгизат кардарларынан пара алып турушкан.

Шектүү Юстиция министрлигине караштуу №1 тергөө абагына камакка алынган. Учурда аталган кылмыш ишине катышы бар башка адамдарды иликтөө жүрүп жатканы кабарланды.

УКМК ушул сыяктуу жоруктарга кабылгандар болсо, (0312) 66-04-75 жана 0708 72 28 01 телефондору аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт. Аты-жөнү жашыруун калышына кепилдик берилет.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM