Connect with us

21-октябрга карата аба-ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 20 Окт 2023 | 319 | 0

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 21-октябрда түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23;

Таласөрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 17…22;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 16…21;

Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндуз 15…20.

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9, күндүз 20…22 градус жылуу болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM