Биз менен байланышыңыз

15 жашар кызга үйлөнгөн жигит менен никесин кыйган молдо камалды

Кыска кабар | 20 Окт 2023 | 741 | 0

Ысык-Ата районунда жашы жете элек кызга үйлөнгөн жигит менен никесин кыйган молдо камакка алынды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматы жүргүзгөн алдын алуу чараларында Ивановка айылында жыйырма бир жаштагы жигит он беш жаштагы кызга үйлөнгөнү, алардын никесин айылдын имамы кыйганы аныкталган.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 175-беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон. Анын негизинде шектүү катары 2002-жылы туулган Н.Ш. (үйлөнгөн жигит) жана 1971-жылы туулган Р.А. (нике кыйган имам) камакка алынган. Учурда тергөө жүрүп жатканы айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM