Биз менен байланышыңыз

Журналистти сүзүп кеткен айдоочу кармалды

Кыска кабар | 20 Окт 2023 | 345 | 0

Next TV телеканалынын журналисти Сайпидин Султановду сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгы кабарлады.

Айта кетсек, журналист 18-октябрда саат 17:30 чамасында Садырбаев көчөсүндө мотоскутер менен бара жатканда кара түстүү унаа капталдан коюп кеткен. Мотоскутер оодарылып түшүп, Султаналиев кулаганда айдоочу качып кеткен. Окуяны көрүп калган адамдар «Тез жардам» жана милиция чакырышкан.

«Бул факты боюнча Бишкек шаардык кайгуул кызматы ыкчам издөө иш-аракеттерин жүргүзүп, натыйжада кылмышка шектүү катары «Toyota Camry» унаасынын 2004-жылы туулган Н.Э. аттуу айдоочусу кармалып, азыркы учурда Бишкек милициясынын тергөө кызматына андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн өткөрүлүп берилди», — деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM