Биз менен байланышыңыз

Бишкекте сот адилеттиги жана адам укугу талкууланып жатат

Кыска кабар | 20 Окт 2023 | 139 | 0

Бүгүн, 20-октябрда Бишкек шаарында «Жазык сот адилеттиги жана адам укуктары: учурдагы тенденциялар жана чакырыктар» аталышындагы эл аралык конференция өтүп жатат. Жогорку Соттун басма сөз кызматы иш-чараны Венеция комиссиясы менен биргеликте уюштуруп жатышканын маалымдады.

Конференцияга Кыргызстандан тышкары Молдова, Грузия, Түштүк Корея, Улуу Британия, Казакстан, Өзбекстандан да судьялар, Венеция комиссиясынын эксперттери келишкен.

Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар төмөндөгү төрт секция боюнча маселелерди талкуулашат:

* жазык сот өндүрүшүндөгү айыптоочулук жана атаандаштык принцибин камсыз кылуу көйгөйлөрү;

* сотко чейинки өндүрүштө соттук көзөмөл: проблемалар жана аларды чечүү жолдору;

* азыркы жазык процессинде күнөөсүздүк презумпциясын ишке ашыруу;

* кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу маселелери.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM