Connect with us

Базар-Коргондо диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрү кармалды

Кыска кабар | 20 Окт 2023 | 671 | 0

Базар-Коргон районунда «Хизбут-Тахрир аль Ислами» диний-экстремисттик уюмунун төрт мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-октябрда УКМКнын Базар-Коргон райондук бөлүмү Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин (экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде иликтөө жүргүзүп, К.М.И., И.М.М., Н.М.К., Х.Я.A. аттуу адамдарды кармашкан.

Колго түшүрүлгөн шектүүлөрдүн «Хизбут-Тахрир-ал-Ислами» диний экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрү экени, экстремисттик идеологияны жайылтуу, катарына жаңы тарапташтарды тартуу иштерин жүргүзүп турушканы аныкталган.

Аталган адамдардын жашаган үйлөрүнө тинтүү жүргүзүлүп, уюмга таандык диний-экстремисттик адабияттар жана баракчалар алынып, бул материалдар боюнча соттук-диний экспертиза дайындалган.

Кармалгандар УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына киргизилген. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM