Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Бишкекте айыл чарба көргөзмөсү өтүп жатат

Кыска кабар | 20 Окт 2023 | 202 | 0

Бүгүн айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата «АгроТехЭкспо-2023», «Органик Экспо-2023» республикалык агроөнөр жай көргөзмөсү жана «Алтын күз» айыл чарба жарманкеси өтүүдө.

Иш-чараны Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ачып, андагы экспонаттар менен таанышты.

Анда айыл чарба техникасынын, кайра иштетүү өнөр жайынын жабдууларынын, жаңы инновациялык технологиялардын, үрөндөрдүн сорттору, жер семирткичтердин түрлөрү, ветеринардык препараттар, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары, агрохимикаттар, асыл тукум малдын породалары жана башка айыл чарба товарларынын жаңы үлгүлөрү көрсөтүлүүдө.

21-октябрда көргөзмөнүн алкагында «Органикалык азыктар — келечек муундардын саламаттыгынын кепилдиги» форуму өтөт. Форумда долбоорлор, Кыргызстандагы органикалык сектордун абалы жана аны өнүктүрүү пландары көрсөтүлөт.

Бул иш-чаралар өлкөдө органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү жана жайылтуу, органикалык продукцияны өндүрүүнү өнүктүрүү жана алыскы жана жакынкы чет өлкөлөргө экспорттоо максатында жүргүзүлүүдө.

Мындан сырткары «Алтын күз» жарманкеси бул күнү да улантылат. Ага айыл чарба ишканалары, багбандар, фермерлер, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканалары катышат. Жарандар продукцияны өндүрүүчүлөрдөн дүң баада сатып ала алышат.

Көргөзмө борбор калаанын борборунда 15 миң чарчы метрден ашык аянтта өтүп жатат.

Айта кетсек, бүгүн, 20-октябрь — Агрөнөр жай кызматкерлеринин кесиптик майрамы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM