Connect with us

Букмекердик кеңсе ачуу казино жайгашкан жерлерге гана уруксат берилет

Кыска кабар | 20 Окт 2023 | 254 | 0

Өкмөт оюн автоматтары жана букмекердик кеңсе, тотализаторлорду казинонун сыртындагы аймактарга жайгаштырууга тыюу салынышы мүмкүн. Бул жааттагы мыйзам долбоор Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.

Экономика жана коммерция министрлиги «Оюн-зоок ишмердүүлүгү жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизет. Ага ылайык оюн автоматтары жана букмекердик кеңсе, тотализаторлорду бир гана казино жайгашкан жерлерге ачууга уруксат берилет. Бул оюн-зоок ишмердүүлүгүн туура көзөмөлдөө максатын көздөйт.

Мыйзам долбоорунда айтылгандай, оюн автоматтары, букмекердик кеңсе жана тотализаторлор казино жайгашкан оюн аймагында болуп, бирок өзүнчө бөлмөгө жайгаштырылат. Ошол эле убакта казино жана оюн автоматтары коюлган зал бир оюн-зоок аймагы катары эсептелип, кожоюну да бир адам болот.

Бул мыйзам долбоору ишке ашса, оюн-зоок, азарттык оюндарды көзөмөлдөө жана жөнгө салуу ишмердүүлүгүнүн эффективдүүлүгү артары айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM