Биз менен байланышыңыз

Табышмактуу маралдар: Беш-Таш коругунан уникалдуу сүрөттөр

Кыска кабар | 20 Окт 2023 | 633 | 0

Талас облусунун Беш-Таш коругундагы сейрек кездешүүчү бугуларды издөө үчүн Кыргызстандагы биринчи deeptech DiGi компаниясы экспедиция жасап келди.

Экспедиция учурунда DiGi командасы нейрон тармактарынын жардамы менен жаныбарларды жана адамдарды таанууга жөндөмдүү дрондор үчүн жасалган программалык камсыздоону сынап көрүштү. Бул дрондор тепловизорлор менен жабдылып, тирүү жандыктарды бир топ алыс аралыктан да аныктоого мүмкүндүк берет.

2022-жылы Кыргызстанга Алтай Республикасынан сейрек кездешүүчү жаныбарлардын санын көбөйтүү үчүн 35 баш марал алынып келинген. Талас райондук башкармалыктын башчысы Бекмурза Маматовдун айтымында, маралдардын ийгиликтүү адаптацияланышы үчүн алардын жайгашкан жерине мониторинг жүргүзүп туруу зарыл:

«Коруктун кең аймагын эске алып, бугулардын коруктун кайсыл жеринде жана кайсыл бөлүгүндө жайгашканын билүү үчүн чиптерди (GPS), камера капканды жана рация сатып алгыбыз келет. Бирок азыр бизде андай мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин рациясын колдонууга аргасыз болуп жатабыз. Биздин жаратылыш паркыбызда маралдардан тышкары дагы башка уникалдуу жаныбарлар бар, аларды дагы тартып алгыбыз келет».

Экспедиция учурунда DiGi компаниясы тарабынан жасалган программалык камсыздоосу бар дрондор бугулардын миграциялык жолдору жана жайгашкан жери тууралуу маалыматтарды чогултту. Бул маалыматтар келечекте алардын коопсуздугун камсыз кылууга жардам берет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM