Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандыктар Палестинага жардам чогултуу аракетинде

Дүйнө , Коом | 19 Окт 2023 | 1070 | 0

Газадагы ооруканага урулган соккудан жүздөгөн адам көз жумду. Бул жардырууну дүйнө эли, эл аралык уюмдар сындап чыгышты. Кыргызстанда палестиндерге жардам берүү ниети парламенттин трибунасында да айтылып, эл арасында айрым жарандар жардам чогулта баштаганы маалым болду. 

Палестина менен Израилдин ортосундагы согушта эки тараптан тең миңдеген жай тургун, алардын ичинен жаш балдар жана аялдар көбүрөөк жабыркаганы айтылууда, айрым шаарлар дээрлик толук талкаланган.

Газа секторундагы Ал-Аҳли ооруканасына жасалган чабуулга бир канча өлкө Изарилди айыптап, Палестинага гуманитардык жардам берүүгө чакырып, жер-жерлерде коргоо акциялары өтүп жатат.

Кыргызстанда да Палестинага жардам берүүнү каалаган жарандар бар. Алар Өкмөт шарт түзүп берсе деген ойдо. Алардын бири Алтынбек Асылов буларга токтолду:

«Дүйнөдө аянычтуу окуя болуп жатат. «Палестинага жардам берем» деген жарандар көп болууда, менин да бир канча таанышым жардам берүүнүн жолун издөөдө. Менин оюмча, Өкмөт кандайдыр бир эсеп ачып, гуманитардык жардам берем дегендерге шарт түзүп берсе жакшы болмок».

Бишкек шаарынын тургуну Чыңгыз Сүйүнбек уулу жардам берүү ар бир жарандын атуулдук милдети деп эсептейт.

«Жарандардын, жөнөкөй мусулмандардын жардам берүүсү атуулдук принциби деп ойлойм. Биз бул жактан колубуздан келишинче жардам берип, тилектештик билдиришибиз керек. Бирок ошол эле учурда биз алсыз болуп жатабыз. Анткени Ислам көзү менен алып караганда, бул жөн эле Палестина өзүнүн туулган жерин коргоп жаткан жок. Бул жерде эсхатологиялык мүнөздөгү согуш болуп жатат. Палестиналыктар жеке өздөрүнүн жерин эмес, бүткүл мусулмандар үчүн ыйык делген жерлердин бирин коргоп жатышат. Биз колубуздан келген жардамды беришибиз керек».

Азырынча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жардам чогултуу боюнча расмий билдирүү тарата элек.

Палестинага жардам берүү маселеси Жогорку Кеңештин жыйынында да көтөрүлдү. Эл өкүлү Жалолидин Нурбаев палестиндерге кантип жардам берүүнү сурап, кайрылгандар көп болуп жатканын айтып, Тышкы иштер министрлигине атайын эсеп ачууну сунуштады.

«Бизге  Палестинадагы жагдай боюнча көп кайрылуулар болуп жатат. «Бул өлкөгө кандай жардам берсек болот?» деп кайрылгандар болууда. Мен сунуштайт элем, Тышкы иштер министрлиги бир эсеп ачса, бардык жарандар Кыргызстандын атынан Палестинадагы кыйналып жаткан боордошторго жардам берсек. Кээ бирөөлөрдүн «акчалай да жардам беребиз» деген ниетттери бар, «гуманитардык жардам берем» дегендер бар. Кандай жол менен жардам берүүнү жарандарыбыз билбей жатат. Буга парламенттин атынан, элдин атынан, эгер каалоочулар болсо, Тышкы иштер министрлигинде эсеп ачылса, ошол акчаны которуп койсок».

Депутат Айбек Осмонов дары-дармек, гуманитардык жардам жиберүүнүн жолун кароону өтүнүп, Жогорку Кеңеш өз позициясын билдирип коюшу керектигин айтты.

«Чындыгында азыр Палестинада абал оор болуп жатат. Биздин мусулман бир тууугандарыбыз, ымыркайлар жана аялдар ооруканада эмес, көчөдө жатышат. Сууну да жаап койгондуктан, жашоо кыйын болуп жатат. Ошого бизге кайрылгандар аябай көп болууда. Биз, Жогорку Кеңеш, кандай кылабыз, же коридор кылып беребизби? Чынында «дары-дармек, гумжардам жөнөтсөк» деп кайрылгандар көп болуп жатат. Ошол үчүн Жогорку Кеңеш өзүбүздүн позициябызды билдирип койсок жакшы болмок». 

Бир канча күн мурда «Инсандык жардам» фонду палестиндерге көмөктөшүүнү каалагандарга эсеп ачылганын жарыялаган.

Буга чейин Кара-Суу районундагы мечиттердин биринде Паестинага жардам чогултууга чакырган жарандарды милиция кызматкерлери кармап кеткен видео тараган.

Copyright © 2017 Maral FM