Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө карата «кылмыштуу кирешелерди адалдоо» фактысы боюнча тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүүдө.
Атайын кызмат 19-октябрда кабарлагандай, текшерүүнүн жүрүшүндө бир катар жайлар аныкталган:
-«Илбирс-Саадат» эс алуу борборундагы коттедж;
-Чолпон-Ата шаарындагы соода борбору;
-«Коста Браво» эс алуу борборундагы коттедж;
-«Бурана Резорт» эс алуу борбору.
Учурда кылмыш жолу менен алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү аныктоо боюнча иш-чаралар уланууда.
Ташиев: Мамлекеттик кызматкерлердин арасында «тазалоону» башташыбыз керек