Биз менен байланышыңыз

Ташиев: Мамлекеттик кызматкерлердин арасында «тазалоону» башташыбыз керек

Кыска кабар | 19 Окт 2023 | 1221 | 0

Бүгүн, 19-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев УКМКнын Жайыл райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө уюшкан кылмыштуу топторду колдогондор болуп жатканын, эми алар да жазаланарын айтты.

Атайын кызматтын төрагасы мамлекеттик мекемелердеги коррупцияга аралашкан кызматкерлерди да «тазалоо» иштери жүрөрүн эскертти.

«Биз кылмыштуу топторду жок кылганыбызды кээ бирлери кайгырып кабыл алып жатат, аларды колдогон видеолорду чыгарып жатышат. Мындан ары кылмышкерлерди эле эмес, аларды колдогондорду да жазалайбыз. Уюшкан кылмыштуулук түп-тамыры менен жок болушу керек. Андан сырткары мамлекеттик кызматкерлердин арасындагы тазалоону башташыбыз керек. Мамлекетке зыянын тийгизген кызматкерлер көп, аларды кылмыш жоопкерчилигине тартышыбыз керек», — деди Ташиев.

18-октябрда «мыйзамдагы ууру» деп аталган Камчы Асанбек менен байланыштарды аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан пландуу иш-чаралардын жүрүшүндө ведомстволук буйруктарды бузган бажы кызматынын 50гө жакын кызматкери ишинен бошотулган. 

Алардын кримтөбөл Камчы Асанбек жана Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен тыгыз байланышта болушканы аныкталган. 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мамлекеттик органдардагы жана мекемелердеги «абийирсиз» кызматкерлерди аныктоо жана бөгөт коюу иштерин улантууда. Учурда жогорудагы мыйзам бузууларга тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо иштери жүрүп жатат. 

Copyright © 2017 Maral FM