Биз менен байланышыңыз

Президент «Кумтөрдүн» улутташтырылышы кандай пайда бергенин айтты

Кыска кабар | 19 Окт 2023 | 173 | 0

Бишкекте «Кумтөр» алтын кенин иштетүүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Ага президент Садыр Жапаров катышты.

Мамлекет башчы «Кумтөрдүн» улутташтырылышы менен Кыргызстанда саясий коррупциянын демонтажы башталганын белгиледи.

«Кумтөр» кыргыз экономикасына жаңы дем гана бербестен, талаш-тартыштардын тынчтык жолу менен чечилиши Кыргызстандын эл аралык инвестициялар үчүн жагымдуулугуна да оң таасирин тийгизди. Буга акыркы жылдары тартылган инвестициялардын көлөмүн, эл аралык каржы өнөктөштөрүбүздүн бизге берген оң баасын мисал кыла алабыз. Демек, бул мамлекетибиз түз жолдо, туура нукта бара жаткандыгынын дагы бир далили», — деди Садыр Жапаров.

Ошондой эле геологияны, кен казуу өнөр жайын өнүктүрүүгө кошкон салымы, Кумтөр алтын кенин Кыргызстандын Республикасынын менчигине кайтаруу боюнча ишке катышкандыгы үчүн бир катар кызматкерлерге мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Юстиция министри Аяз Баетов III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өнөр жай коопсуздугун жөнгө салуу башкармалыгынын начальниги Ильдар Гильфанов, «Кумтөр Голд Компаниясы» жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү Умбеталы Кыдыралиев  «Даңк» медалы менен сыйланды.

Мындан башка дагы бир топ адистерге мамлекеттик сыйлыктар берилди.

2022-жылы «Кумтөрдүн» 100% акциясы Кыргызстанга өткөн. Кыргызстан менен “Центерра Голд” доо арыздан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен.

Быйыл жыл башынан бери Кумтөр алтын кенинде 14 тонна алтын казылып алынды.

Copyright © 2017 Maral FM