Connect with us

Казакстанда кулчулукка кабылган 60 өзбекстандык куткарылды

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Окт 2023 | 666 | 0

Казакстанда кулчулукка кабылган 60 өзбекстандык куткарылды. Бул тууралуу Казакстандын Ички иштер министрлиги билдирди.

14-октябрда Алматы шаардык полиция бөлүмүнө Актөбө облусунда жашап жаткан өзбекстандык кыздан арыз түшкөн. Анын айтымында, агасы Чымкент шаарында кулчулукка кабылып, кийин качып чыгып, Өзбекстандын Алматыдагы консулдугунан жардам сурап кайрылган.

Агасы үй-бүлөсү менен табышып, жай турмушта жашай баштаганда, инисин кара түстүү BMW унаасы менен келген адамдар уурдап кетишкен.

Агасынын айтымында, аны кыш заводдун ээлери жумушка алдап чакырып алышкан. Кийинчерээк иш жакпай, бошонуу ниетин билдиргенде кожоюндар документтерин бербей, ур-тепкиге алып, күч менен кармап иштетип турушкан. Акыры ал жерден качып чыккан.

Алматы жана Чымкент шаарларынын уюшкан кылмышка каршы күрөшүү тобу ыкчам иликтөө жүргүзүп, агасы кабылган кулчулукка иниси да кабылганын аныкташкан. Заводго тинтүүгө алганда, кулчулукка кабылган дагы алтымыш өзбекти табышкан.

Алар да заводдун кожоюндары документтерин алып коюшканын, ур-тепкиге алып, кээде айлыктарын да бербей иштетип келишкенин айтышып, полицияга даттанышкан.

Кыш заводдун кожоюндарынын экөө ага-ини Чымкенттин тургундары, бири Түркистан облусунун тургуну экени аныкталган. Учурда аларга кылмыш иши козголуп, тергөө абагына камакка алынган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM