Connect with us

Кыргыз-тажик чек арасынын 13,98 чакырымы макулдашылды

Кыска кабар | 18 Окт 2023 | 360 | 0

Министрлер кабинетинен кабарлашкандай, 12-октябрдан 18-октябрга чейин кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтор Тажикстандын Бустон шаарында жолугушту.

Алар мамлекеттик чек аранын 13,98 чакырымы боюнча макулдашып, тиешелүү протоколго кол коюшту.

Кийинки жолугушуу Кыргызстанда өтүп, анда калган аймактар боюнча сүйлөшүүлөр жүрөт.

Copyright © 2017 Maral FM