Connect with us

«Элим барсыңбы» Баткендеги чек арада жашаган окуучуларга акчалай жардам көрсөттү

Кыска кабар | 18 Окт 2023 | 407 | 0

“Элим, барсыңбы?!” коомдук кайрымдуулук фонду Баткен облусунданы чек арадагы кагылышуудан кайтыш болгон жана жабыркаган жарандардын үй-бүлөсүн колдоо максатында ар бир балага 5000сомдон акча каражаты тапшырды.

Бул иш-чара Раззаков шаарында жана Баткен шаарынын тургундарына (кагылышууда кайтыш болгон жана жабыркагандардын жакындары) “Билим Инвест” долбоорунун алкагында берилди. Жалпы Баткен облусу боюнча 65 балага жардам көрсөтүлдү.

“Элим, барсыңбы?!” коомдук кайрымдуулук фонду 15 жылдан бери элдин аярлуу катмарына ар тараптуу жардам берип келет. Гуманитардык жардам, билимге инвестиция кылуу жана калкты жакыркылыктан чыгаруу сыяктуу бир катар долбоорлорду ишке ашырууда.

Буга чейин Баткен облусуна чек арада жайгашкан мектептердин мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу максатында 66 мугалимди окуткан. Андан сырткары жыл сайын балдарга Ысык-Көлгө 6 күндүк “Жайкы Лагерь” уюштуруп келет.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM