Биз менен байланышыңыз

Газадагы ооруканага урулган соккудан жүздөгөн киши өлдү

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Окт 2023 | 527 | 0

Жүздөгөн бейтап дарыланып жаткан Газадагы ооруканадагы жарылуудан кийин бир нече ири шаарда нааразылык акциялары башталды.

17-октябрда Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги Израил армиясы Газа тилкесинин борбордук бөлүгүндө жайгашкан Аль-Ахли ооруканасына кол салганын билдирди. Палестиналык булактардын маалыматына караганда, 500дөй киши набыт болду.

Би-Би-Синин Жакынкы Чыгыш боюнча кабарчысы Том Бейтман жергиликтүү тургундарга таянып билдиргендей, жүздөгөн ички жер которгон адамдар оорукананын аймагында баш калкалоодо.

Газа бийликтери буга чейин аба соккусу үчүн Израил армиясын айыптап, кеминде 500дөй киши өлгөнүн кабарлаган. Израилдин Коргоо күчтөрүнүн айтымында, Аль Ахли ооруканасы «Исламдык Жихад» тобу атылган ракетадан талкаланды.

Хамас ооруканага ракеталык чабуул үчүн Израилди айыптоодо. Палестина кыймылынын Саясий бюросунун башчысы Исмаил Хания белгилегендей, АКШ Израилдин Газа тилкесинде жасаган кылмыштары үчүн жоопкерчилик тартат, ал эми Вашингтон «Израилдин агрессиясын жаап-жашырууда».

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Газа тилкесиндеги ооруканага кол салууга израилдик аскерлердин тиешеси жок экенин билдирди.

Бул соккуну дүйнөлүк коомчулук сындап жатат. Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо Газа тилкесиндеги ооруканага сокку урулганы тууралуу кабарларды «үрөй учурарлык жана кабыл алынгыс» деп атап, эл аралык укукту сыйлоого чакырды.

Пентагондун басма сөз катчысынын орун басары Сабрина Сингх Кошмо Штаттары Израилдин бийликтерин Хамаска каршы операцияларды жүргүзүүдө «согуш мыйзамдарын» сактоого чакырат деп билдирди.

Ооруканага кол салуу боюнча Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев да комментарий берди. Ал кол салууну согуш кылмышы деп атап, АКШны айыптады.

Кошумчалай кетсек, Орусия менен Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) Газа тилкесиндеги ооруканага кол салууга байланыштуу 18-октябрда БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүнү суранышкан.

Copyright © 2017 Maral FM