Connect with us

Израил-ХАМАС: Кыргызстандын позициясы кандай болушу керек?

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Окт 2023 | 813 | 0

Палестина менен Израилдин ортосундагы согушта эки тараптан тең жүздөгөн жаран, аскер каза болуп, айрым шаарлар дээрлик толук талкаланды. Газанын Саламаттык сактоо министрлиги соккулардан каза болгондор 2800гө, жарадарлар 10 миңге жеткенин кабарлады. Ал ортодо айрым мамлекеттер өз позициясын билдирип, ар кандай гуманитардык жардамдарды жөнөтүүдө.

Борбор Азия чөлкөмүнөн бүгүн Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Израилдин Газа секторундагы операциясын сындап, бул кадамынан кайтууга чакырды. Ошол эле учурда ХАМАС тобунун Израилдин карапайым тургундарына жасаган кол салуусун айыптады. Өзбекстан да эки тарапты тең сүйлөшүүгө чакырып, Жакынкы Чыгыштагы абалдын курчуп кетишине тынчсыздануусун билдирди. Кыргызстан азырынча расмий билдирүү жасай элек. Бирок айрым кыргызстандык жарандар Палестина калкына кандай жардам берүү жолдорун издеп жатканы белгилүү болду.

Израил менен Палестинанын ортосундагы согуш дүйнө элинин көңүлүн бурду. Кыргызстанда да бул окуяга кайдыгер карабай, Газа секторундагы палестиндиктерге жардам берүү жолдорун издегендер бар. Ал эми расмий бийлик дипломатиялык каналдар аркылуу азырынча эч кандай билдирүү жасай элек. Диний маселелер боюнча эксперт Канатбек Мурзахалилов Кыргызстан бир канча эл аралык уюмдарга мүчө экенин айтып, Палестина менен Израилдин ортосундагы маселеге алар менен биргеликте пикирин айтышы керек экенин белгиледи.

«Бүгүнкү күндө Израил менен Палестинанын ортосундагы чыр-чатак глобалдык мүнөзгө ээ. Көптөгөн эксперттер муну «үчүнчү дүйнөлүк согуштун башы» деп айтышууда. Эми Кыргызстан көптөгөн жеке форматтуу мамилелер менен ошол эле Палестина, ошол эле Израиль, БУУнун мүчөсү катары, ШКУнун, КМШ мамлекеттеринин курамына кирген өлкө катары өзүнүн өнөктөштөрү менен биргеликте ушул алкакта пикирин билдириши керек. Эң негизгиси, согуш менен эч кандай маселе чечилбейт. Бул жеке сүйлөшүүлөр жолу менен, геосаясий мүнөздөгү беделдүү оюнчулардын таасири менен чечиле турган маселеге жетип калды. Мен ойлойм, бул конфликтте биздин мамлекеттин жетекчилери бир тараптуу эмес, сүйлөшүү жолунда чечүүгө кызыкдар экенин айтышы керек».

Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев да Кыргызстан өз позициясын билдирип, коомчулукта бир багыт тандагандай болушу керектигин айтты.

«Кыргызстан өзүнүн позициясын билдириши керек. Бул — Израил менен Палестинанын ортосунда 48 жылдан бери болуп келе жаткан чоң конфликт. Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчөбүз. Ошондуктан биргелешкен позицияларыбыз бар. Албетте, кандай болгон күндө да баары бир биздикилер позицияларын билдириши керек. Башка чоң-кичине мамлекеттер да билдирип жатат. Ошонун ичинен бизге, элге да багыт болушу керек. Биздин позиция маселелер тынчтык жолу менен чечилиши керек деген тарапта болушу керек деп ойлойм».

Ал арада социалдык тармактарда Кара-Суудагы мечиттердин биринде Палестинага жардам берүүгө чакырык жасаган тургундарды милиция кызматкерлери кармап кеткен видео тарап, ар кандай пикирдеги талкуулар жүрүүдө.

Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул жардам берүүдө демократиялык өлкөдө бийлик элдики болгондон кийин, мамлекет элге жардам бериши керек деген пикирде.

«Эми жардам берүү жаатында биздин мамлекет туура эмес кылып жатат деп ойлойм. Анткени биздин жарандык коом ушундай кырдаал болгондо толук жардам бере ала турганын көрсөттү. Мисалы, Баткен окуясы болгондо эл бири-бирине жардам берип, колдоо көрсөткөн деңгээли муну далилдеп турат. Албетте, элден демилге чыгып жатса, демократиялык өлкөдө элдин бийлиги болгондон кийин элге мүмкүнчүлүк берүү керек деген ойдомун. Жардам кимге берилип жатса, мамлекет ошолорго жеткирип берүүдө өзүнүн инфратүзүмүн колдонуп, элге жардам берсе жакшы болмок».

Ал эми диний маселе боюнча эксперт Канатбек Мурзахалилов мындай учурда кайсы бир уюм же мекеме өзүнүн кызыкчыгын колдонуп кетиши мүмкүн экенин айтты. Жардам бере тургандын баары бир желектин астына чогулушу керектигин кошумчалады.

«Бул жерде жеке бир топтун же уюмдун жардам берүү маселеси чечилбеши керек. Бул чыр-чатакты ар кандай кызыкдар күчтөр пайдаланып кетүү ыктымалы да жогору. Ошондуктан кандай гана жардам болбосун, баары мамлекеттин желегинин астында гана болушу зарыл».

Ар арада айрым мамлекеттерде Палестинаны колдогон акциялар өтсө, кээ бир мамлекеттер Израилди колдоодо, ошондой эле тынчтык жолу менен чечүү керектигин айтып чыккандар да бар. Бул жаатта эксперттер эки тараптын ортосундагы маселе чакырык жолу менен чечүүчү стадиядан өткөнүн, эки өлкөнүн башчыларынын ортосунда же дүйнөдөгү оюнчу өлкөлөрдүн, эл аралык уюмдардын жардамы менен гана чечилиши мүмкүндүгүн айтышууда. Айрымдары жер-жерлерде жасалып жаткан чакырыктардын таасири чоң экенин да белгилеп жатышат.

Ал эми эл аралык маселелер боюнча адис Айбек Теңизбаев демократиянын, адам укуктарынын аралы делген Европа мамлекеттеринде Палестинаны коргоо акциясына чыгууга тыюу салганын туура эмес деп баалайт. Ошондой эле чакырыктардын таасири бар экенин айтты.

«Жер-жерлерде болуп жаткан чакырыктар эки тараптын маселесин чечүүгө сөзсүз түрдө таасирин тийгизет. Биз бул окуя менен мамлекеттер ар кайсы тармактардын карманып, өздөрүнүн өлкөсүндө ошого жараша саясат жүргүзүп жатканын байкаса болот. Мисалы, менин таң калганым, демократиянын борбору, тең укуктуулуктун борбору делген Европа Палестина элин колдогон акцияларга тыюу салып жатат. Жеке оюм боюнча, бул туура эмес кадам, анткени Палестинаны колдогон адамдардын укугу тыюу салуу аркылуу чектелип калууда. Муну менен мен бул өлкөлөрдүн эки жүздүүлүгүн байкап жатам. Андай болбошу керек. Эч бир мамлекет адамдардын жеке тандоосун, жардам көрсөтүп, алар менен бирге болом деген позициясын чектебеши керек деген ойдомун».

Бүгүн  17-октябрда Казакстандын Тышкы иштер министрлиги ХАМАС менен Израилдин ортосундагы куралдуу кагылышуу боюнча билдирүү таратып, ХАМАСтын Израилдин карапайым тургундарына кол салуусун айыптады. Ошол эле учурда Израилди Газа тилкесиндеги жайкын тургундардын өлүмүнө алып келген пропорционалдуу эмес күч колдонуудан алыс болууга чакырды. Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги да өз позициясын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM