Биз менен байланышыңыз

Казакстан Израил-Палестина маселеси боюнча билдирүү жасады

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Окт 2023 | 458 | 0

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги ХАМАС менен Израилдин ортосундагы куралдуу кагылышуу боюнча билдирүү таратып, ХАМАСтын Израилдин карапайым тургундарына кол салуусун айыптады. Ошол эле учурда Израилди Газа тилкесиндеги жайкын тургундардын өлүмүнө алып келген пропорционалдуу эмес күч колдонуудан алыс болууга чакырды.

«Казакстан ХАМАСтын Израилдин жарандарына кол салуусун жана барымтага алуусун айыптайт. Биз БУУнун башкатчысы Антониу Гутерриштин барымтадагыларды эч кандай шарт койбостон токтоосуз бошотуу жана гуманитардык жардамдардын тоскоолдуксуз жетишин камсыздоо чакырыгын колдойбуз. Казакстан ошондой эле Израилди Газа тилкесинде көптөгөн жарандардын курман болушуна, инфраструктуранын талкаланышына алып келген пропорционалдуу эмес күч колдонуудан алыс болууга чакырат. Мындай кырдаалда эл аралык мыйзамдарды сактоо, ошондой эле Палестина элинин мыйзамдуу укуктарын караган БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тиешелүү резолюцияларын аткаруу өтө маанилүү. Зордук-зомбулукка жооп дагы бир зордук-зомбулукту пайда кылат жана сөзсүз түрдө Жакынкы Чыгыш, бүткүл дүйнө үчүн кайгылуу кесепеттерге алып келет», — деп айтылат билдирүүдө.

Коңшу Казакстан тараптарды согуштук аракеттерди тез арада токтотуп, тынчтыкты, туруктуулукту, коопсуздукту сактоого чакырат.

Copyright © 2017 Maral FM