Биз менен байланышыңыз

УКМК: Мурдагы министрдин уулу Стамбулдан кармалды

Кыска кабар | 17 Окт 2023 | 1281 | 0

Мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованын уулу жер казынасын пайдалануу тармагындагы коррупциялык алдамчылыкты уюштурууга шектелип кармалды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, шектүү Түркияда жашынып жүргөн. Тергөөнүн жүрүшүндө К.Кутмановдун Жаратылыш ресурстары министрлиги менен Фондунун ишине кийлигишкендиги жана долбоорду каржылоонун суммасынын 10% өлчөмүндө «откат» түрүндө алып тургандыгы боюнча түз далилдер алынган.

Көрсөтмөлөргө ылайык, К.Кутманов беш чарба жүргүзүүчү субъектиден 17 млн сомдон ашык суммада компенсация алууга шектелүүдө. Ошондой эле ал «Жашыл мурас» долбоору боюнча 7 млн 560 миң сом алган, бул каражатты чыгарып салууга себеп болгон.

«Кумтөр Голд Компаниден» түшкөн каражатты бөлүштүрүүдө фонддун ишмердүүлүгүн көзөмөлдөп, Жаратылыш ресурстары министрлигине өзүнүн досторун жогорку кызматтарга дайындоого жеке кызыкчылыгын жасап турганы айтылды.

Экс-министр Динара Кутманованын камактагы мөөнөтү узартылды

2021-жылдан азыркы мезгилге чейин «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын каражаттарынан айлана-чөйрөнү коргоо боюнча долбоорлорун ишке ашырууга жыл сайын 3 млн 700 миң доллар өлчөмүндө каражат, (325 млн сом) бөлүнгөн. Үч жылдык каржылоонун жалпы суммасы 976 млн 800 миң сомго жакын.

Эсептөө палатасынын корутундусуна ылайык, «Ишкердикти өнүктүрүү фонду» 720 млн сомду башка максаттарга пайдаланып, анын ичинен мамлекетке 192 млн сомго жакын зыян келтирилген. Улуттук коопсуздук органдары мамлекеттин кирешесине 56 млн сом кайтарды.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө К.Кутманов кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында 2023-жылдын 29-майында Казакстанга чыгып кеткени, андан кийин 2023-жылдын 13-июнунда Орусиянын Москва шаарына учуп кетип, андан кийин 2023-жылдын 19-июнунан тарта Түркиянын Стамбул шаарында жүргөндүгү аныкталды.

К.Кутмановго «ИНТЕРПОЛ» аркылуу эл аралык издөө жарыяланган жана УКМК менен Түркиянын биргелешкен ишинин натыйжасында анын так жайгашкан жери аныкталып, андан соң кармалып, Стамбулдагы атайын миграциялык лагерге жайгаштырылган.

Бүгүнкү күндө Кутманов Кыргызстандын аймагына алынып келинип, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

УКМК иштин бардык жагдайларын жана коррупциялык фактыларды аныктоо, ошондой эле мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча иштерди улантууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM