Биз менен байланышыңыз

Экс-министр Динара Кутманованын камактагы мөөнөтү узартылды

Кыска кабар | 9 Окт 2023 | 208 | 0

Мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованын камактагы мөөнөтү 9-декабрга чейин узартылды.

Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Динара Кутманова экология министрлигиндеги бир катар коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

УКМКнын маалыматына караганда, ал экология министри болуп турганда мамлекеттик бюджетти мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча коррупциялык тармакты уюштурган. Мындай иштерге кол алдындагы кызматкерлерин, уулун жана сиңдисин, үй кызматкерин, уулунун досун жана башкаларды тартуу менен жаратылышты жана экологияны коргоо тармагы үчүн жасалма долбоорлорду каржылоого арыз берүүнү уюштурган.

Үч жылдын ичинде каржылоонун жалпы суммасы болжол менен 969 миллион 568 миң сомду түзүп, анын 180 миллиону министрликтин муктаждыктары үчүн мамлекеттик сатып алууларга бөлүнгөн.

Ал эми жаратылышты коргоо жана сактоо боюнча 110 долбоордун алкагында жеке жана юридикалык жактарга 789 миллион 568 миң сом берилген.

Ошондой эле, каржылоо үчүн долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын мүчөлөрүнө Кутманова тарабынан Комиссиянын жыйналышын алардын катышуусуз формалдуу өткөрүү үчүн кысым көрсөтүү фактысы тастыкталды.

Жалпысынан бул кылмыш ишинин алкагында 9 адам айыпталуучу катары тартылып, Динара Кутманованын уулу учурда эл аралык издөөдө жана аны Түркиядан депортациялоо чаралары көрүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM