Биз менен байланышыңыз

Нарматова: «Чет элдик өкүл» мыйзамы артка кайтпайт

Кыска кабар | 17 Окт 2023 | 260 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова демилгелеген «чет элдик өкүл» мыйзам долбоору эч качан артка кайтарылбай турганын айтты.

Ал парламентте өтүп жаткан угууда мамлекеттин коопсуздугу, кызыкчылыгы үчүн бул мыйзам долбоору зарыл экенин, айтылган сунуштар караларын белгиледи.

«30 миңге жакын коммерциялык уюм өзүнүн уставынын негизинде иштей берсин, эч ким аларга тоскоолдук кылбайт. Тескерисинче, иштегенге шарт түзүп беребиз. Эгер алар мамлекеттин ички саясатында туура эмес пикирлерди жаратпаса, уставынан чыкпаса, анда каалагандай иштей берсин. Каттоодон өткөн уюмдарга «чет элдик өкүл» деген макам берилбейт. Бул мыйзам кайсы бир деңгээлде чет өлкөнүн кызыкчылыгын иш жүзүнө ашыруу үчүн улуттук баалуулуктарды тебелегенге аракет кылган, каада-салтка туура келбеген идеологияны жайылткандарга карата иштейт» , — деди демилгечи.

Надира Нарматова белгилегендей, «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү» мыйзамдын 17-беренесинин жаңы редакциясында коммерциялык эмес уюмдун кирешелери жана түзүмү, ошондой эле алардын мүлкүнүн көлөмү жөнүндө, анын чыгымдары, кызматкерлеринин саны, курамы жөнүндө, эмгек акы, коммерциялык эмес уюмдун ишинде жарандардын акысыз эмгегин пайдалануу тууралуу маалыматтар коммерциялык сырдын предмети боло албайт деп көрсөтүлүүдө.

Ошондон улам мындай уюмдарды жылына бир жолудан көп эмес пландуу текшерүү жагы белгиленүүдө.

17-октябрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери боюнча комитетинде “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорунун негизинде парламенттик угуу өтүүдө. Талкууга депутаттар, тиешелүү мамлекеттик органдардын, бейөкмөт жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Copyright © 2017 Maral FM