Connect with us

«Чет элдик өкүл» мыйзамы боюнча парламенттик угуу өтүүдө

Кыска кабар | 17 Окт 2023 | 311 | 0

Бүгүн, 17-октябрда Жогорку Кеңеште «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өтүүдө. Ага жарандык коомдун, укук коргоо органдарынын, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышууда.

«Чет элдик өкүл» мыйзамынын долбоору Жогорку Кеңештин эки тармактык комитетинде биринчи окууда колдоо тапкан.

Демилгечи депутат Надира Нарматова өлкөдө иштеп жаткан бейөкмөт уюмдарга эч кандай тоскоолдук жок экенин айтып, Кыргызстанда демократияга маани берилип, сөз эркиндигине кысым жасалбай турганын белгиледи.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоору аркылуу коммерциялык эмес уюмдардын жоопкерчилигин бекемдеп, алардын кандай булактардан каржыланып жаткандыгы, келип түшкөн каражаттын кандай максаттарга жумшалгандыгы отчеттуулукта ачык-айкын көрсөтүлүшү керектигин айтты.

«Чет элдик өкүл» түшүнүгүн киргизүү сунушталган мыйзам долбоорунун демилгечилери катары төмөнкү депутаттар көрсөтүлгөн:

Надира Нарматова, Жылдыз Садырбаева, Гүлшаркан Култаева, Жаныбек Кыдыкбаев, Нурбек Алимбеков, Кундузбек Сулайманов, Карим Ханжеза, Жусупбек Коргонбай уулу, Айбек Маткеримов, Таалайбек Сарыбашов, Фархат Исмаилов, Аманкан Кенжебаев, Искендер Матраимов, Замирбек Мамасадыков, Нурлан Ражабалиев, Алишер Эрбаев, Жеңишбек Токторбаев, Максатбек Сарбагышев, Султанбай Айжигитов, Айгүл Айдарова, Элдар Сулайманов, Акылбек Түмөнбаев, Арсланбек Малиев.

Башында мыйзам долбооруна демилгечи болгон топтон бир катар депутаттар чыгып кеткен.

2022-жылы «Ата журт — Кыргызстан» фракциясынын депутаты Надира Нарматова 2016-жылы каралып, колдоо таппай калган бейөкмөт уюмдарга «чет элдик агент» макамын берүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун кайрадан демилгелеген.

Юристтер бул мыйзам долбоору өлкөдөгү сөз эркиндигине, жарандык жана саясий укуктарды жайылтуу менен алектенген бейөкмөт уюмдардын ишине коркунуч жаратарын белгилешет.

16-сентябрда 120 бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү Жогорку Кеңештин депутаттарын «чет элдик агент» жөнүндөгү мыйзамды четке кагууга чакырышты. Алар өздөрүнүн кайрылуусун социалдык тармактарга жарыялашкан.

Copyright © 2017 Maral FM