Connect with us

Жалал-Абадда алгачкы ипотекалык көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды

Кыска кабар | 16 Окт 2023 | 236 | 0

Бүгүн, 16-октябрда Жалал-Абад шаарында 639 батирден турган «Асман резиденс» ипотекалык көп кабаттуу үйдүн курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Курулуш президенттин демилгеси менен жарандарды мамлекеттик ипотекалык программа аркылуу арзан турак жай менен камсыз кылуу максатында ишке ашырылууда. Ага президентинин Иш башкармалыгы, Мамлекеттик ипотекалык компания жана Жалал-Абад шаарынын мэриясы менен үч тараптуу келишим түзүлгөн.

Ипотекалык турак жайга шаардык мэрия тарабынан 1,6 гектар жер аянты ажыратылган. Курулуш аяктаса мамлекеттик кызматкерлер, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, көп балалуу жалгыз бой үй-бүлөлөргө 4 пайыздан, калган тургундар 8 пайыздан үй алуу мүмкүнчүлүгү бар.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM