Connect with us

Бир жумада 228 мас айдоочу аныкталды

Кыска кабар | 16 Окт 2023 | 189 | 0

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 2023-жылдын 9-октябрдан тартып 15 октябрга чейин алдын ала маалымат боюнча, 14 миң 763 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Анын ичинен:

— тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 189;
— мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 228;
— авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 15;
— жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 694;
— транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 2252;
— авто ээнбаштык – 2;
— белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3 692;
— башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 950;

Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 6 миң 741 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM