Connect with us

2024-жылдан тарта соодагерлер патент менен иш кыла албайт

Кыска кабар | 16 Окт 2023 | 631 | 0

Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылдын 1-январынан тарта өлкөнүн аймагында патенттин негизинде соода ишин жүргүзүү токтотула тургандыгын маалымдады. 

Ошол күнгө чейин патенттин негизинде соода кылган ишкерлер салык салуунун башка режимдерине өтүшү керек.

Ишкерлер төмөнкү салык режимдерин тандай алышат:

– жалпы салык режими: салыктар колдонуудагы салык мыйзамдарына жана жалпы негиздердеги ставкаларга ылайык төлөнөт;

– бирдиктүү салык: чакан жана орто бизнес үчүн алгылыктуу салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы. Салыктын ставкалары жылдык кирешенин көлөмү 8 млн сомго чейин болсо 0%, ал эми 30 млн сомго чейин – 1% жана 50 млн сомго чейин – 0,5% түзөт.

Бирдиктүү салыктын негизинде иштегендер контролдук-кассалык машинаны (ККМ) пайдаланууга жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча талаптарды, ошондой эле бир катар башка милдеттенмелерди аткарууга милдеттүү.

Бул салык режимдеринин бирине өтүү үчүн ишкерлер учурдагы салыктык катталган жери боюнча мекемеге арыз бериши керек. Азыркы учурда салык органдары башка салык режимдерине акырындык менен өткөрүүнү камсыз кылуу максатында соода ишин жүргүзгөн ишкерлер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Кошумча маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, 116 номери аркылуу же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Copyright © 2017 Maral FM