Connect with us

Кытай Израилдин Газа секторундагы чабуулдарын айыптады

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Окт 2023 | 564 | 0

Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Сауд Арабиянын тышкы иштер министри Фейсал бен Фархан менен телефондо сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө, Кытай тарап Израил өзүн коргонууда кызыл сызыктан өтүп кеткенин, алар өзүн коргоо үчүн Газа секторундагы жай тургундарды коллективдүү түрдө кыйноого салып жатканын тезинен токтотуусу зарыл деп белгиледи.

«Кытай жай тургундарга зыян келтирген бардык аракеттерди айыптайт жана аларга карата күч колдонууга каршы. Анткени алар адамгерчиликтен чыгып, эл аралык укуктун негизги нормаларына каршы аракеттерди жасоодо», — деп айтылат Кытайдын ТИМинин билдирүүсүндө.

Ошондой эле Израилди эл аралык коомчулуктун чакырыктарына, БУУнун Баш катчысынын кайрылуусуна көңүл бөлүүгө чакырып, Газа секторундагы жай тургундарды кыйноону токтотууга үндөгөн.

Мындан сырткары, Кытайдын тышкы иштер министри Ван И АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен да сүйлөшүү жүргүзүп, бир өлкөнүн коопсуздугу башка өлкөнүн жарандарына зыян келтирүү менен камсыздалбай турганын айтан. Ошондой эле, аскерий ыкмалар көйгөйдү чечпей, эскалацияга гана алып келерин, Израил-Палестина чыры столдо сүйлөшүлүп чечилүүсү зарылдыгын белгилеп өткөн.

 

 

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM