Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Абу-Даби шаарына (Бириккен Араб Эмираттары) барды.
Анын алкагында Соода жана өнүктүрүү боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун конференциясы (ЮНКТАД) тарабынан уюштурулган Дүйнөлүк инвестициялык форумдун 8-сессиясына катышат.
Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын жогорку даражалуу кызмат адамдары менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Абу-Дабидеги мамлекеттик корпорациялардын жана алдыңкы компаниялардын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кызматташтыкты арттыруу маселелери талкууланат.
Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын вице-президенти, премьер-министри, Дубайдын башкаруучусу Мохаммед ибн Рашид Аль Мактумдун жеке чакыруусу менен Абу-Дабиге барганы кабарланды.