Connect with us

УКМК: Көлбаевдин өлүмү үчүн «өч алууга» келген үч киллер кармалды (сүрөт)

Кыска кабар | 14 Окт 2023 | 1290 | 0

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын мыйзамсыз басып өткөн үч жалданма киллер кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, алар мыйзамдагы ууру аталган, кримтөбөл Камчы Асанбектин (Камчы Көлбаевдин) өлүмү үчүн өч алууга келгени аныкталган. Аларды кармоо учурунда, кармалгандар бир катар жарандардын өлүмүнө катыштыгы бар экендиги да аныкталган.

Үч жалданма киллер (киши өлтүргүч) Өзбекстандын жараны, аты-жөнү такталган. Алар:

— Каримбердиев Ойбек Аббас уулу, 1997-жылы туулган;
— Рустамов Азамат Шухратович, 1996-жылы туулган;
— Абдулкаффаров Исламхон Абдусамат уулу, 1994-жылы туулган.

«Атайын тергөөнүн жүрүшүндө кармалгандар кримтөбөл Камчы Көлбаевдин өлүмү үчүн өч алууга буюртма алганын моюнуна алган. УКМКнын «Альфа» атайын кызматы кылмышкерлерди Бишкекте 13-октябрда кармап, Өзбекстандын укук коргоо органдарына тапшырган»-деп айтылат маалыматта.

Copyright © 2017 Maral FM