Connect with us

Жапаров Мирзиёевге КМШнын «Ардак белгиси» орденин тапшырды

Кыска кабар | 13 Окт 2023 | 275 | 0

КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйынынын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёвди КМШнын «Ардак белгиси» ордени менен сыйлады.

«Шавкат Миромонович Мирзиёев достук жана жакын коңшулук мамилелерди чыңдоого, коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылууга, Борбор Азия мамлекеттеринин жана бүткүл КМШ өлкөлөрүнүн экономикасынын туруктуу өнүгүшүнө теңдешсиз салым кошту. Урматтуу Шавкат Миромонович Мирзиёев, КМШ өлкөлөрүнүн интеграциясына кошкон баа жеткис салымыңыз, шериктештик мейкиндигинде ишкердик алаканы жана ар тараптуу натыйжалуу кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган туруктуу демилгелериңиз үчүн чын дилимден ыраазычылык билдирем», — деди Садыр Жапаров сыйлык тапшыруу алдында сүйлөгөн сөзүндө.

Өз кезегинде Шавкат Мирзиёев да Кыргызстандын мамлекет башчысына жана элине ыраазычылык билдирип, бул сыйлоо ага дагы да чоң жоопкерчиликти жүктөгөнүн белгиледи.

«Чынында соңку жылдары биз Кыргызстан менен өтө көп нерселерге жетиштик. Эгер тарыхты карасак, 30 жылда мындай орчундуу маселелерди эч ким мойнуна алган эмес. Садыр Нургожоевичтин жана Өзбекстан президентинин эрки менен көп маселелерди чечтик. Өзбекстан ар бир мамлекет менен көп жакшы жыйынтыктарга жетти», — деди Мирзиёев.

«Ардак белгиси» ордени КМШнын башкы сыйлыгы болуп саналат. Ал мамлекет башчылардын 2002-жылдын 7-октябрындагы жыйынында кабыл алынган. Сыйлык КМШнын өнүгүшүнө, мамлекеттер аралык кызматташтыкты жана алаканы бекемдөөгө кошкон салымы үчүн ыйгарылат.

Айта кетсек, бүгүн, 13-октябрда Кыргызстандын төрагалыгы астында КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйыны болуп өттү.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM