Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери чек ара маселесин талкуулады

Кыска кабар | 13 Окт 2023 | 455 | 0

Президент Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынынын алкагында жолугушту.

Эки өлкөнүн президенттери кыргыз-тажик кызматташтыгын, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулашканы маалым болду.

Ошондой эле алар аймактык жана эл аралык күн тартиби, КМШ МБК жыйыны боюнча пикир алмашты.

Өлкө башчылар ушул жылдын 14-сентябрында Тажикстандын Душанбе шаарында жолугушкан.

Copyright © 2017 Maral FM