Биз менен байланышыңыз

Чолпон-Атанын мурдагы мэри алдамчылыкка шектелип кармалды

Кыска кабар | 13 Окт 2023 | 266 | 0
Ички иштер министрлиги тараткан сүрөт

Ички иштер министрлиги Бишкектин тургунунун 10 миң долларын алдап алып кетүүгө шектүү кармалганын билдирди.

Алынган маалыматка караганда, айтылган адам 2021-жылдын күзүндө Бишкектин тургунунан 10 миң доллар алып кеткен. Ага күрөө катары «Лексус» унаасын, каттоо күбөлүгүн жана ишеним кат калтырган. Кийинчерээк «шашылыш ишим бар» деген шылтоо менен унаасын айдап кетип, ошол бойдон изин суутуп, унааны башка адамдарга сатып жиберген.

Келип түшкөн арыздын негизинде Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүмү (алдамчылык) менен иш козгоп, шектүүгө иликтөө, издөө жарыяланган.

Учурда алдамчылыкка шектүү М.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, сурак берип жатат.

ИИМдин кошумча маалыматында анын мурда сот жообуна тартылганы, кримтөбөлдөрдүн бири менен тыгыз байланышта болгону, облустардын бириндеги шаарга мэр болгону айтылган.

Бир катар сайттар кармалган адам Чолпон-Ата шаарынын мурдагы мэри Мирлан Маратов экенин, буга чейин кримтөбөл Камчы Көлбаев менен тыгыз кызматташ болгонун жазышты.

Айта кетсек, Мирлан Маратов кечээ социалдык тармактарга жарыялаган видеокайрылуусунда Камчы Көлбаевдин тобу менен кызматташ болгонун моюндап, учурда кылмыш дүйнөсүнөн баш тартканын билдирген.

Ачык булактардагы маалыматтарга таянып айтсак, 1976-жылы туулган Мирлан Маратов 2010-2013-жылдары Ысык-Көл районундагы Чолпон-Ата шаарынын мэри болгон. 2020-жылы 4-октябрда өтүп, жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо «Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкерлигин койгон.

2015-жылы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоо учурунда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына айрым шайлоо тилкелерине бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөн. Иликтөөнүн жүрүшүндө берилген кабарлоо жалган болуп чыккан. Көп өтпөй «телефон террорчунун» өздүгү аныкталып, Мирлан Маратов кармалган. Ал телефон чалган учурда мас абалда болгонун мойнуна алган. Сот ага 50 миң сом айып салган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM