Биз менен байланышыңыз

Ислам кызматташтык уюму Израилдин Газага жасаган чабуулдарын сындады

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Окт 2023 | 392 | 0

Ислам кызматташтык уюму Израилдин Палестина калкына каршы уланып жаткан чабуулдарын сындап, эл аралык коомчулукту бул чабуулдарды тезинен токтотуу үчүн аралашууга чакырды.

Ислам кызматташтык уюму жарыялаган жазма баяндамасында, Израилдин Газа уюштурган кол салууларынын натыйжасында жай тургундар, анын ичинде балдар жана аялдар каза болуп жатканы айтылган. Ошондой эле авиасоккулар жарандык объекттерге, диний мекемелерге жана мектеп, ооруканаларга болуп жатканына БУУ көңүл бурушу керек деп белгиленген.

Бул баяндамада ырайымсыз мүнөздөгү чабуулдар адам укуктарын коргогон конвенцияларды ачыктан ачык бузуу жана согуштук кылмыш деп айтылды.

Аягында Израиль жай тургундарга карата чабуулун тезинен токтотуусун жана Газа секторундагы палестиндиктер үчүн зарыл болгон гуманитардык жардамды жеткирүүгө коридор ачууну талап кылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM