Биз менен байланышыңыз

Судьялар кеңеши президентке 7 сотту кызматтан алуу сунушун киргизди

Кыска кабар | 13 Окт 2023 | 991 | 0

Судьялар кеңеши Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун бир катар судьяларга карата чара көрүү сунуштарын колдоду.

Кечээ, 12-октябрда Судьялар кеңеши баяндамаларды угуп, Тартип комиссиясынын корутундусун талкуулап, бир катар чечимдерди кабыл алышкан.

Отурумдун жыйынтыгында Судьялар кеңешинин чечими менен төмөнкү судьяларды мөөнөтүнөн мурда ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө Президентке сунуш киргизилди: Байзаков Нурлан Марданович, Жамангулов Жыргалбек Жамангулович, Алгожоев Замирбек Болотбекович, Алыбаев Замир Эрнисбекович, Токтомаматов Кыялбек Жантөрөевич, Сарыбаев Бакыт Адилбекович, Мойдунов Абдисалам Абылкасымович.

Ошондой эле Ноокат райондук сотунун судьясы Калиева Клара Жакшылыковнага, Кара-Суу райондук сотунун судьясы Иманбеков Бактыбек Орозбаевичке, Чүй облустук сотунун судьялары Горшковская Ирина Вадимовнага, Кожобекова Гүлмира Турдумаматовнага, Масабирова Тарифа Жаанбаевнага, Нарын шаардык сотунун төрагасы Осмонов Сатыбек Ырыскуловичке тартиптик жаза берүү сунушу канааттандырылды.

Алты судья боюнча берилген төрт сунуштан баш тартылып, бир даттанууну кароо кийинки отурумга калтырылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM