Биз менен байланышыңыз

Бишкекте КМШ президенттеринин саммити өтөт

Кыска кабар | 13 Окт 2023 | 249 | 0

Бүгүн, 13-октябрда Бишкекте КМШга мүчө мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Анын алкагында КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери чакан жана кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бир катар биргелешкен документтерди кабыл алары күтүлүүдө.

Саммитте соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган маанилүү чечимдери кабыл алынат. Иш-чарага быйыл Кыргызстан төрагалык кылат.

КМШ саммитине катышуу үчүн Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Беларусь президенти Александр Лукашенко 12-октябрда Бишкекке келди. Аларды «Манас» аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

12-октябрда Орусия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга расмий сапар жасаган.

Бул жолку саммитке Армениянын премьер-министри Никол Пашинян келүүдөн баш тартканын билдирди.

КМШга Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан мамлекеттери мүчө.

Copyright © 2017 Maral FM