Биз менен байланышыңыз

Чаткалда эки кар көчкү станциясы ишке кирди

Кыска кабар | 13 Окт 2023 | 210 | 0

Чаткалда 1,17 млн долларга эки кар көчкү станциясы ишке кирди. Бул тууралуу Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Станцияларды орнотуу «Кыргыз Республикасында тобокелдиктерди комплекстүү башкаруу жана Борбордук Азияда регионалдык кызматташуу боюнча потенциалды чыңдоо» долбоорунун алкагында Япониянын колдоосунда ишке ашырылды.

«Станциялар реалдуу убакыт режиминде так маалымат берип, калкты кар көчкү коркунучу тууралуу алдын ала кабардар кылып турат, бул калктын коопсуздугун жакшыртат», — деп айтылат маалыматта.

Демилге Япония БУУӨП аркылуу Борбордук Азия аймагында климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча чараларды ишке ашырууга, анын ичинде Жалал-Абад жана Нарын облустарында кар көчкүнүн мониторингинин үч станциясын түзүүгө колдоо көрсөтүү максатында ишке ашырылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM