Connect with us

Баткен облусу Орусиянын эки облусу менен кызматташат (сүрөт)

Кыска кабар | 12 Окт 2023 | 274 | 0

Баткен облусу Орусиянын Свердловск жана Челябинск облустары менен кызматташат. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Кечээ, 11-октябрда Жалал-Абад шаарында өткөн кыргыз-орус аймактар аралык конференциясынын алкагында Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев, Свердловск облусунун эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министри Вячеслав Ярин, Челябинск облусунун губернаторунун орун басары Сергей Сушков кызматташтыкты орнотуу боюнча келишимге кол коюшкан.

Келишим облустар ортосунда экономика, жаштар саясаты, маданият, спорт жана туризм тармагында кызматташууну чыңдоо, соода-экономикалык, илимий-техникалык, маданий-гуманитардык чөйрөдө эл аралык байланыштарды ишке ашыруу, анын ичинде облустардын калкынын кызыкчылыгында достук, ишеним, өз ара урматтоо, тең укуктуулук, өнөктөштүк принциптерине негизделген эки тараптуу алака түзүүнү көздөйт.

Ошондой эле Орусиянын «Юнигрин Энержи» мекемеси, Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду, Министрлер кабинетинин алдындагы Жашыл энергия фонду Баткен облусунун жетекчилигинин аппараты менен кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюшкан.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM