Биз менен байланышыңыз

Жапаров менен Путин Үркүн курмандыктарын эскеришти

Кыска кабар | 12 Окт 2023 | 182 | 0

Орусия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын алкагында эки мамлекеттин башчылары «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барышты.

Ал жерден Владимир Путин 1916-жылдагы Улуттук боштондук көтөрүлүштө курман болгондорго арналып тургузулган эстеликке гүлчамбар койду.

Мамлекет башчыларды Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов коштоп жүрдү.

Айта кетсек, «Үркүн» эстелиги 2016-жылы Улуттук боштондук көтөрүлүшкө 100 жыл болгонунун урматына «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинин аймагында тургузулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM