Биз менен байланышыңыз

Ишкерлерден пара талап кылууга шектелген салыкчылар кармалды (сүрөт)

Кыска кабар | 12 Окт 2023 | 536 | 0

Ишкерлерден пара талап кылууга шектелген салык кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалым болгондой, Мамлекеттик салык кызматынын Ленин райондук башкармалыгынын атайын салык режими бөлүмүнүн башкы инспектору Б.М.С. ККМ-аппаратын орнотуудагы кемчиликтерди жашыруу, туумдарды, кошумча салыктарды алып салуу үчүн ишкерлерден пара талап кылган.

Башкы инспекторго ортомчулук кылган Ж.Р.К. бизнесмендерди электрондук төлөм системалары аркылуу акча которууга үндөп, ар кандай текшерүүлөр менен коркутуп, мыйзамсыз акча чогултуп берип турган.

Бул тууралуу маалымат алган УКМК кечээ, 11-октябрда соттун санкциясы менен башкы инспектордун иш бөлмөсүнө тинтүү жүргүзгөн.

Натыйжада фактылар аныкталып, Б.М.С. менен Ж.Р.К. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда тергөө жүрүп жатат.

УКМК ишкерлерге болгон тоскоолдукка жол берилбесин, инвестициялык климатты, бизнес чөйрөсүн бузуу аракеттери аныкталса, мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөрүн эскертет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM