Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Министрлер кабинетинин көзөмөлүнө өтөт

Кыска кабар | 11 Окт 2023 | 175 | 0

Министрлер кабинети «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу жөнүндө» жобону бекитти.

Документке ылайык, 2023-жылдын 1-декабрынан тарта Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын акционери катары Финансы министрлигинин астында кайра түзүлөт.

Мамлекеттик өнүктүрүү банкына нормативдик документтерди ылайыкташтыруу боюнча үч айлык мөөнөт берилген.

Эскерте кетсек, 5-октябрда Жогорку Кеңеш Мамлекеттик өнүктүрүү банкын Улуттук банктын көзөмөлүнөн чыгарууну үчүнчү окууда кабыл алган. Кийинки күнү президент Садыр Жапаров мыйзамга кол койгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM