Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Кытай жарандары үчүн визасыз режим киргизди

Кыска кабар | 11 Окт 2023 | 562 | 0

«Бир алкак, бир жол» демилгесинин 10 жылдыгына арналган «Кыргызстан-Кытай» достук коомунун салтанаттуу жыйынында  министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстан Кытай жарандары үчүн визасыз режим киргизүү чечимин кабыл алганын билдирди.

Байсалов мындай чечим достук маанайда жана өлкөлөр ортосундагы элдик дипломатияны чыңдоо максатында кабыл алынганын айтып, Кытай жарандары – Гонконг жана Макао аймактарынын тургундары үчүн визасыз режимди киргизилерин маалымдады.

Ал кошумчалагандай, АКШ, Улуу Британия жана Европа Биримдигине ачык визасы бар Кытай жарандары да бул жеңилдиктен пайдалана алышат.

Copyright © 2017 Maral FM