Биз менен байланышыңыз

Ооганстанда күчү 5,2 баллга жеткен жер титирөө катталды

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Окт 2023 | 361 | 0

Бүгүн, 11-октябрдын таңында Ооганстанда дагы жер титиреди. Силкинүүнү күчү 5,2 баллга жеткени айтылды.

Ушундай эле жер силкинүү 7-октябрь күнү да катталып, анда күчү 6,2 баллга жеткен. Натыйжада Ооганстандын 272 миң адам жашаган Хират шаарында имараттар кыйроого учурап, каза болгондордун саны 2400дөн ашты.

Зилзаланын очогу 10 км тереңдикте болуп, биринчи жер титирөөдөн кийин бир канча жолу силкинүү кайталанган.

7-октябрдагы жер титирөөдө ураган турак үйлөрдү тазалоо иштери уланууда. Куткаруучулардын айтымында, каза тапкандардын саны мындан да артышы мүмкүн. Себеби урандыларды казып алуу иштери кечеңдеп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM