Биз менен байланышыңыз

Улуттук электр тармагы 128,8 млн сомго жаңы трансформаторлорду сатып алды

Кыска кабар | 10 Окт 2023 | 337 | 0

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коому 128 млн 800 миң сомго 6-10/0,4 чыңалуудагы 241 жаңы трансформатор сатып алды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда 152 даанасы компаниянын кампасына келип түшкөн. Ал эми калган 89у ушул жуманын ичи жеткирилери кабарланды.

Сатып алуу үчүн акча акционердик коомдун өздүк эсебинен бөлүнүп, «Электрощит — ТМ Самара» компаниясы ташып келген.

«Мындай масштабдуу сатып алуулар компанияда биринчи жолу чыгымдарды жөнгө салуунун, электр менен жабдуу процесстерин санариптештирүүнүн, ошондой эле 2023-жылдын 1-майында электр энергиясына тарифти 23 тыйынга (77 тыйындан 1 сомго) жогорулатуунун эсебинен ишке ашырылды. Жаңы трансформаторлорду орнотуу электр энергиясын берүүдөгү жоготууларды азайтып, керектөөчүлөрдү электр менен камсыздоонун сапатын жана жарыкты үзгүлтүксүз берүү иштерин жогорулатат», — деген энергетика министри Таалайбек Ибраев.

Планга ылайык, жаңы трансформаторлор жер-жерлердеги электр тармактар ишканаларына жеткирилип, бир айдын ичинде орнотулат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM