Биз менен байланышыңыз

Ошто «Женгонун» кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды (видео)

Кыска кабар | 10 Окт 2023 | 1177 | 0

Ош облусунда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

УКМК уюшкан кылмыштуу топторго бөгөт коюу үчүн Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү (уюшкан топ түзүү же ага катышуу) менен иш ачкан.

Анын алкагында «Женго» каймана аты менен таанымал кримтөбөл Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунда жүрүшкөн 1995-жылы туулган М. уулу Х., 1993-жылы туулган Ю.У., 1978-жылы туулган А.Ы.Б., 1993-жылы туулган Р.А.С., 1986-жылы туулган, Өзгөн районунун «смотрящийи» Т.И.М., 2000-жылы туулган А. уулу Б., 1997-жылы туулган, «Казак» каймана ысымдуу Ж.Д. кармалышкан.

Атайын кызмат уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөш уланып жатканын маалымдады.

Айта кетсек, кримтөбөл Кадыр Досонов атайын видеокайрылуу жасап, Кыргызстандын мыйзамдары менен жашап келатканын, буга чейинки кылмыштары үчүн жооп бергенин, учурда эч кандай криминалдык макамы жок экенин билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM