Биз менен байланышыңыз

УКМК: Баткен облусунда 32 мечит, 5 медресе жабылды

Кыска кабар | 10 Окт 2023 | 472 | 0

Баткен облусунда 32 мечит, 5 медресенин иши токтотулду. 8 материалды облустук ички иштер башкармалыгы маалыматтык журналына каттады. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, мамлекеттик-коомдук коопсуздукту сактоо, авариялык кырдаалдарга жол бербөө максатында диний чөйрөлөрдүн ишин текшерүүчү атайын жумушчу топ түзүлгөн. Ага Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен, Ички иштер министрлигинен, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен, Саламаттыкты сактоо министрлигинен, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан, Президенттин облустук өкүлчүлүктөрүнөн, Башкы архитектурадан, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинен өкүлдөр киришкен.

Пландык иштин алкагында Баткен облусундагы диний мекемелер, диний уюмдар текшерүүгө алынып, натыйжада «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзамдын талаптарын, архитектура-курулуш, санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди бузганы, өрт коопсуздугун сактабаганы үчүн 55 мечитке, 6 окуу жайга акт түзүлүп, тиешелүү көрсөтмөлөр берилген.

Андан тышкары 32 мечиттин, 5 диний окуу жайдын иши токтотулуп, Баткен облустук ички иштер башкармалыгы 8 материалды Маалыматтар журналына каттаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM