Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан Палестина-Израиль жаңжалы боюнча үн катты

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Окт 2023 | 715 | 0

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Палестина-Израиль окуясы боюнча расмий пикирин билдирди.

Алардын билдирүүсүндө, Палестина менен Израилдин аймагында согуш оту тутанып, жай тургундардын өлүмүнө жана жалпы Жакынкы Чыгыштагы абалды сезилерлик даражада туңгуюкка кептеген абал жаралганына кабатырлануусу айтылат.

«Биз күрөшүп жаткан эки тарапты тең тез арада ок атууну токтотуп, маселени сүйлөшүү жана дипломатиялык жол менен чечүүчү бардык аракетти көрүүгө чакырабыз», — деп кошумчалаган.

Ошондой эле эки тараптан тең жоготуулар болгонуна кайгысын билдирип, жакындарын жоготкондорго көңүл айткан.

Белгилей кетсек, 7-октябрь күнү таң эрте Газа секторундагы ХАМАС кыймылы Израилдин аймагына миңдеген ракеталарын учурган. Израиль өкмөтү бул абалды согуш деп жарыялап, Газа секторуна ракеталык соккуларын берип баштаган.

Бүгүнкү, 9-октябрда берилген маалыматка ылайык, Израиль тарапта каза болгондордун саны 700гө жетти. Газа секторунда 413 адам каза таап, 2300 жаран жаракат алганы айтылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM