Connect with us

11-октябрда Бишкекте «Чек арада» аттуу фотокөргөзмө ачылат

Кыска кабар | 9 Окт 2023 | 293 | 0

11-октябрда Бишкекте дүйнөлүк психикалык ден соолук күнүнө арналган «Чек арада» аттуу фотокөргөзмөнүн ачылышы болот.

Анда «Чек арасыз дарыгерлер» эл аралык уюму фотограф Гүлиза Урустамбек кызы менен биргеликте чек арага жакын жайгашкан айылдардын тургундарынын күнүмдүк турмушун, алардын кубанычтуу жана кайгылуу көз ирмемдерин, ошондой эле оор кырдаалдардан жана эмоциялардан чыгууга жардам берген күнүмдүк ырым-жырымдарын фотого түшүргөн.

«Биз жергиликтүү калк менен кызматташып, чогуу иштейбиз жана күн сайын биз ар бир айыл тургунунун жалпы коомчулуктун психикалык жана эмоционалдык ден соолугуна кошкон зор жана баа жеткис салымын көрүп турабыз», — дейт Кыргызстандагы MSF өкүлчүлүгүнүн башчысы Штефан Гроссе Рюшкамп.

«Көргөзмөнүн каармандарынан, алардын туруктуулугунан, өжөрлүгүнөн жана стресске туруштук берүүсүнөн биз көп нерсени үйрөнө алабыз. Бул дагы бир жолу коомчулукта өз көйгөйлөрүн чечүүнүн даяр жолдору бар экенин тастыктайт, биз аларды жөн кана колдоошубуз керек», — деп кошумчалады.

Фотокөргөзмөнүн биринчи бөлүгү 19-сентябрдан баштап, 22-сентябрга чейин Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын маданият үйүндө коюлду. Бишкектеги фотокөргөзмөнүн расмий ачылышы 11-октябрда саат 16:00дө Улуттук тарых музейинде болуп өтөт, андан кийин 15-октябрга чейин уланат.

«Чек арада» аттуу фотокөргөзмөсүнүн ачылышынын алкагында 705 театрынын «Кайра эле кайтып келебиз» аттуу даректүү спектакль да көрсөтүлөт. Спектакль Тажикстан менен чектеш жерде жашаган адамдардын окуяларына негизделген.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM